7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пункттары салык кызматынын башкаруусуна өтөт

392

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КРнын финансы министрлигине караштуу салык кызматынын карамагына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пунктарындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, министрлер кабинетинин астында ушул жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджетти – 280 млрд сомго, 2022-жылдын соңуна дейре 400 млрд сомго чейин жогорулатуу милдети коюлган.

 «Жыйынды пост» системасы 10 айдан бери иш жүргүзүүдө, ал ички чектердеги товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин алуу процессин тездетти, кызыкдар мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну камсыздап, анын сапатын жогорулатты. Ошол эле учурда «Жыйынды пост» сиситемасы бир катар көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды», — деди ал.

Анын айтымында, импорттоочулар республикага салык төлөөдөн качуу максатында төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен товарларды ташып кирүүнү улантууда. Иш жүзүндөгү факты менен дал келбеген коштомо кагаздары таризделүүдө (иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр эсеп-фактурадагы маалыматтар менен дал келбестиги ж.б.).

 «Мисалга, ак ниетсиз ишкерлер өлкөгө алып келинип жаткан жыгачтын 1 метр кубун 1500 сомдон тариздөөдө. Чындыгында анын рыноктук наркы 22 миң сомдон башталат. Күн карама майынын 1 литрин 4 сомдон тариздешсе, анын чекене баасы 155 сомдон башталат. Мындай аракеттерден улам бюджетке залакасы тийип, ак ниет ишкерлер жабыркоодо», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Арзыбек Кожошев билдиргендей, товардык агымды башкарууну жана салык кызматынын тутумун салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдун маалыматтык тутуму менен интеграциялоону жакшыртуу максатында, бирдиктүү тармакты түзүү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан өткөрмө пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт.

 «Ошондой эле Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү менен алектенген тобокелдик жараткан субъекттердин автоунааларына контролдук пломбаларды коюу боюнча пилоттук долбоорду ыкчам ишке киргизүү боюнча бардык чараларды кабыл алуусу зарыл. Долбоор КРнын аймагына ташылып келинген товарлардын иш жүзүндөгү дарегин жана декларацияланган жүктүн иш жүзүндө шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет», – деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

393