7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети кризистик борборлордун каржылоосун үч эсеге жогорулатты

402

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдун ишине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мамлекет башчысы жана жаңы министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Жаңы министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө коргоого алат. Атап айтканда, министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 млн сомго чейин жогорулатуу жана дагы 5 млн сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик заказ алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Эскертсек, быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн сом бөлүнгөн. Натыйжада, аталган борборлорду каржылоону үч эсеге жогорулатуу тууралуу кеп болууда», — деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары маалымдагандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикага ылайык, үстүбүздөгү жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 6060 барабар болгон.

«Ички иштер органдары тараптан үстүбүздөгү жылы 7316 убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 1179 ордерге көп дегенди билдирет.  Мында көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгы даана көрүнүп турат.  Бул көйгөйлөрдүн жана арыздардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, милиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын иликтөө аракеттеринин жогорулагандыгынан да кабар берет», — деди Эдил Байсалов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403