Бүгүн, 12-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко мене жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу сүйлөшүштү.
«Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын», — деди Кожошев.
Ошондой эле тараптар аркылуу илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө жана КРнын аймагында жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине басым жасалды.