7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмил Тукаев Коргоо министрлигинин ЖККУдагы өкүлү болуп шайланды

637

Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмил Тукаев шайланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Маалыматка ылайык, буйрукка кол коюлду, жакында Тукаев иш сапарга жөнөп кетет.

“Бердибек Асановго байланыштуу бир аз жаңылыштык кетти. Анын талапкерлиги КР Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ага карабастан Москвага сапарга жөнөтүлгөн. Бирок кийин анын адеп-ахлактык жана ишмердик сапаты туура келбегендиктен кайрадан артка жөнөтүлгөн”, — деди ал.

Эскерте кетсек, ЖККУдагы жаңы өкүлү буга чейин абадан коргонуу боюнча командачынын орун басары кызматын аркалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638