Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Асан Турсункуловдун «Алтын уютку» деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.
Маалыматка ылайык, көргөзмөдө маданият өкүлдөрүнүн портреттери илинген жана алардын катарында көзү өткөн чыгаан журналисттер Зайырбек Ажыматов жана Уланбек Эгизбаевдин дагы сүрөтү бар.
Белгилей кетсек, иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана портрети илинген өнөр адамдарынын жакындары катышууда.