7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Азербайжан президенти менен жолугуп, эки тараптуу маселелерди сүйлөшүштү

422

Бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүү болду.

Мамлекет башчысы Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгиледи. Ал Кыргызстан боордош азербайжан элинин ийгиликтери менен жетишкендиктерине ар дайым кубанарын белгиледи.

Жапаров мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, президент Жапаров эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев белгилегендей, ТМККнын бүгүнкү Саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени Кеңештин макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна жогорулоосу күтүлүүдө.

Илхам Алиевдин пикири боюнча, бул эки мамлекеттин мамилелери жана саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Азербайжандын президенти эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин бакубатчылыгы үчүн байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө дем берерине ишенимин билдирди. Анын пикиринде, кыргыз-азербайжан кызматташтыгы толук кандуу жана жыйынтыкка багытталган.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423