7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карабахта орусиялык офицер жарылуудан каза болду

323

Тоолуу Карабахтагы Шуша шаарына жакын жерде мина тазалоо иштери жүрүп жатканда жарылуу орун алып андан орусиялык офицер каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратты.

«Шуша калктуу конушуна жакын жердеги жолдун бир бөлүгүн минадан тазалоо учурунда жарылуучу зат жарылды», — деп билдирген Коргоо министрлиги.

Жарылуудан орусиялык офицер жаракат алган. Аны ооруканага жеткирүү чаралары көрүлүп жаткан маалда, тилекке каршы, ал каза болгон. Коргоо министрлиги каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө бардык жагынан жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалаган.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

324