Кечээ, 18-январда Каракол шаардык ӨКМ бөлүмүнүн куткаруучулары көл жээгинде муз тепкен эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу кеңеш беришти.
Тактап айтканда, Каракол шаарынын Пристань – Пржевальск айыл аймагында Ысык-Көлгө тоо суусу куйган жээкте муз тоңгондуктан, жарандар көлдүн үстүндө коньки, чана тээп жана сейилдеп жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Көлдүн суусу жогорку калыңдыкта тоңбой тургандыгын эскертүүгө Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 аскер кызматкери жана жергиликтүү бийликтин 1 өкүлү тартылды.
Куткаруучулар муздун калыңдыгы 15-20 сантиметрден жогору болгондо гана уруксат берилерин, ал эми көл жээгиндеги муз жука экенин эс алуучуларга эскертишти.