7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор-Ата шаарында төрөт үйүнүн жаңы имараты ачылды

664

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн төрөт үйүнүн имараты пайдаланууга берилди.

Ачылыш салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. 145 миңден ашык калкы бар Ноокен районунун калкын тейлеген эски төрөткана колдонууга жараксыз болуп калган. Жаңы имараттын курулушу 2021-жылдын октябрь айларында башталып, ага республикалык бюджеттен 52 млн сом бөлүнгөн.

Эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт. Акылбек Жапаров белгилегендей, 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга бурулат.https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02yX2Vz5R9W1Vxx5Sb1jcHRVP4awNJ7F9Qys3k1kH8eXfFfsXUdRNTyBC3KYExRTL7l&id=100079910115998&mibextid=Nif5oz

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665