7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сентябрдан тарта Каракол — Алматы — Каракол автобус каттамы жанданат

314

Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Эми үстүбүздөгү жылдын сентябрынан баштап союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат. Аталган каттам жыл бою иштемекчи. Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда»,- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, 25-августтан тартып “Каркыра-Унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады.

315