7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каракол» тоо лыжасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөлөт

365

«Каракол» тоо лыжасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

Министр Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, андагы тоо лыжа базасына барчу жолдун абалы менен да таанышканын билдирди.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарымда “Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу жолдун абалы менен жеринде тааныштым. Тоо лыжасына бара турчу жол оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, асфальттоо пландалууда, ошондой эле тротуар жана веложол куруу иштери ишке ашканы турат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды.

Белгилей кетсем, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, былтыр 2023 -жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген соң шагыл жол түздөлүп, тегизделип жана кышында кардан тазаланып турду. Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.

Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү. Буюрса алдыда пландаган иштер жүзөгө ашып, туристтерге түзүлгөн шарттар жакшырса, Кыргызстанга келген коноктордун агымы артарына шек жок»,- деди Текебаев.

366