Каракол шаарында турак үйдөн пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында куткаруучулар Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан №84 турак үйүнүн жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1937-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.