Бүгүн, 18-июнь эртең мененки саат 8-9 аралыгында Бишкек шаарынын 8- кичи районунда навайканадан от чыгып, катар турган дүкөндөр кошо өрттөнду. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы Клара Кудайбергенова, окуга күбө болүп жеринен кабарлады.
Күйүп кеткен дүкөн ээлеринин айтуусунда, өрттүн кесепетинен 1 млндон ашуун азык-түзүк күйүп кетти.
Алар өрттүн келип чыгуусу навайканадагы электр чубалгыларынын орунсуз жайгаштырылгандыгынан деп эсептешет. Навайкананын ээсине буга чейин эскертүү берилген дешет.
Өрт, Октябрь районуна караштуу 8-кичи районунун №40- үйүнүн жанында катталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram