7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө дагы 653 адамдан вирус аныкталды

521

Бүгүн, 18-июнга карата Кыргызстанда  коронавирус  653 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдирди.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 269,
  • Ош шаарында – 73,
  • Чүй облусунда – 116,
  • Ош облусунда – 74,
  • Талас облусунда – 5,
  • Ысык-Көл облусунда – 15,
  • Жалал-Абад облусунда – 69,
  • Баткен облусунда – 32.

«Ал эми бир суткада 372 адам илдеттен сакайды, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 215,
  • Ош шаарында – 18,
  • Чүй облусунда – 59,
  • Ош облусунда – 25,
  • Талас облусунда – 1,
  • Нарын облусу – 8,
  • Ысык-Көл облусунда – 14,
  • Жалал-Абад облусунда – 18,
  • Баткен облусунда – 14 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 206 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 946 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 475 бейтаптын абалы орто оордукта, 618 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 24 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 721 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 113 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 302 киши айыгып чыкса, 1 миң 920 адам каза болду

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522