7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо биринчи жолу таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

557

Каракол шаарында Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Бул боюнча Белорусиялык компания менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, завод “Каракол өсүү чекити” долбоорунун алкагында республикалык бюджеттин эсебинен курулмакчы. Долбоорго 135 млн сом бөлүнүп, тендерди 111 млн сомго Белорусиялык “Сифания Экотехника” компаниясы утуп алган.

«Тендер бардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 млн сом заводду курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод орун алчу жерге ангар жана башка жумуштар аткарылмакчы. Заводду алып келип, орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек, ноябрь айында бардык жабдыктар алынып келинип, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрөт. Долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун түзүлөт. Таштандынын бөлүү иштери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери Каракол шаарынын “Тазалык” ишканасында болот,»- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558