7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды

506

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Үстүбүздөгү жыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен белгиленип жатканын айтып, Мамлекет башчысы Уюмдун мааракелик жылына ЖККУга мүчө мамлекет — Тажикстандын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи.

Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Заська Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, ошондой эле Баткен облусундагы жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди.

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.

Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

ЖККУнун Башкы катчысы ошондой эле Мамлекет башчысына 2022-жылдын күзүндө Армения Республикасында өткөрүлүшү пландалган Уюмдун уставдык органдарынын алдыдагы отурумдарына жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.

Станислав Зась ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Садыр Жапаровго маалымат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507