7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо 13 жаштагы окуучунун жансыз денеси табылды

163

Караколдо дайынсыз жоголгон мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды. Аталган маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, 30-октябрда саат 12:30 чамасында Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, сабактан кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

Бул маалымат каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганын маалымдашкан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери жана жагдайлары такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

164