7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо капиталдык ремонт иштеринен акча өөнөгөн жетекчилер кармалды

378

Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо жана  сатып алууда мыйзам бузууга шектелип, муниципалдык жол чаба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды.

Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна «Г-У» ЖЧКсынын жетекчиси менен  биргеликте 24,5 млн. сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуп, келишип алышкан.

Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштеринде сапатсыз материалдарды колдонуп, 3 млн. 62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Алар 2 айга Каракол ШИИБдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери уланууда.

379