7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдогу сапатсыз курулган жолдун айынан мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилди

750

Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 километр жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751