7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каралбай калган балдардын реабилитациялык борборуна 2 саатта 40 млн сом чогулду

3092

Каралбай калган балдардын реабилитациялык борборун калыбына келтирүү үчүн уюштурулган марафондо, 2 саат аралыгында 40 млн сом чогулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоожана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Бир аз мурда, марафондун расмий ачылуу аземине Президент Садыр Жапаров да катышып, Президенттин фондунан 3 млн,  Министрлер кабинетинин фондунан да 3 млн сомкошкоунун жазган элек.

Ошондой эле Президенттин үй-бүлөөлүк фондунун эсебинен 500 000 сомду биринчи айым Айгүл Жапарова тапшырган.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги 200 мин сом, Ысык-Көл облусунун фондунан 1 млн сом которулган. Бул тизмени Талас, Нарын Чуй облустарынын башкармалыктары улантат, бирок суммасы айтылган жок.

Көп түкүрсө көл болот демекчи, бул кайрымдуулук иш-чарага кол сунгусу келген ар бир жаран телефон аркылуу да акча которсо болот.

Телефонго «Megapay» тиркемесин жүктөп, «Оплата услуг» бөлүмүнөн «Благотворительность» баракчасына кирип «Өмүр булагы» баскычын тандап тийиштүү акчаны которо алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3093