16-17-октябрь күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманке Октябрь районунда 12-кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде жана Биринчи Май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.
Жарманкеде азык-түлүккө коюлган баалар:
- ундун килограммы 22 сомдон;
- кумшекер 64 сомдон;
- күрүч 55 сомдон;
- тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
- эт (уй эти) 440 сомдон;
- канаттуулардын эти 170 сомдон;
- картошка 24 сомдон;
- сабиз 25 сомдон;
- пияз 14 сомдон;
- ак капуста 28 сомдон;
- помидор 30 сомдон;
- бадыраң 30 сомдон;
- сарымсак 180 сомдон;
- алма 30 сомдон;
- тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.