7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Партия же талапкердин шайлоого койгон күрөө акчасы 4 учурда кайтарылат

1135

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин күрөө фонду тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, партиялар бир миллион сом, бир мандаттуу округдан чыккандар 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төгөт. Аталган сумма 4 учурда кайра кайтарылып берилет.

  • Партия өтпөй калып, бирок добуштардын бир пайызына, бир мандаттуу округдагылар беш пайызына ээ болсо, 10 күндүн ичинде БШКга каржылык отчётун тапшырса;
  • БШК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
  • Бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тартса.
  • БШК тарабынан шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылса
  • Төмөнкү учурда күрөө кайтарылып берилбейт:
  • Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыкса;
  • Саясий партиянын алган добуштары жараксыз деп табылса.

Күрөөдө калып кеткен каражат республикалык бюджетке которулары белгиленди.

Ал эми саясат талдоочулар дал ушул күрөөнүн аздыгынан жана кайтарып алуу шарттары оңойдугунан талапкерлердин саны көп болуп жаткандыгын айтышат. Шайлоолорго бюджеттен каражат коротулбай күрөөнүн эсебинен өткөрүү сунушу айтылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1136