Кечээ, 14-октябрь күнү Бишкекте 22 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Т.У. аттуу айдоочу “Лексус RX” үлгүсүндөгү автоунаа менен Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан. Ал №85 үйдүн тушунан 44 жаштагы Т.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол жээгинде токтоп турган “Мерседец Бенц” үлгүсүндөгү унааны дагы сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү ошол жерден каза болгон.
Аталган факты боюнча эки унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалды.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери аныкталууда.