Бүгүн, 13-июль Жогорку кеңеш «Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттик жыйында, сот системасын өзгөртүүгө сунушталган мыйзам долбоору менен таанышты.
Анда, Жогорку Кеңештин депутатыт Аалы Карашев, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын докладын уккан соң, сунушталган мыйзам долбоорунун ичинен сот тармагын көз каранды абалга алып келүүчү 5 негизги сунушту эсептеп берүүсүн өтүндү.
Жогорку сот, сот тармагын жакшыртуу үчүн негизги деп саналган жана мыйзам кабыл алууга зарыл болгон төмөндөгү сунуштарды белгиледи.
- Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү 8ден 12ге көбөйгөн,
- Жогорку сот мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуу сунушу,
- Жогорку соттун төрагасынын ыйгарым укукттары кеңейтилди, (Жергиликтүү соттун төрагаларын дайындайт, мурда соттор тарабынан шайланган),
- Тартип комиссиясынын 9 мүчөсү тең соттордон болоору.
Посмотреть эту публикацию в Instagram