7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчилик кыргыздар менен тажиктердин массалык мушташына комментарий берди

1585

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги социалдык тармактарда тарап жаткан Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдардын чыр-чатагы тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы «7tv.kg» маалыматтык сайтына билдирди.

Анын айтымында, чыр-чатактан 4 кыргыз жараны жаракат алган, бирок, социалдык тармактарда тарап жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал эми учурда Россия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле кыргыз жарандарына элчилик тарабынан туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүлүүдө.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырат!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1586