Баткенде, чек арадан аткезчилик менен Тажикстандан жузүм өткөрүп жаткан жарандар колго түштү. Өлкө аймагына кирген жузүмдүн көлөмү 4 тоннага жетет. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
«Чек ара аймактарынын айрым тургундары контрабандалык жүктөрдү Тажикстан Республикасынан ташып өтүү аракеттери уланып жаткандыгы аныкталды. 2021-жылдын 12-июлунан 13-июлуна караган түнү жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына 4 тонна көлөмүндөгү жүзүм контрабандалык жүктөрү алынып келинген фактыны аныкташкан жана КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн бажы кызматына өткөрүлүп берилди» , -деп жазылат.
УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, контрабанда кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Мыйзамсыз контрабанда иш-аракеттерине катышкан адамдар КР мыйзамдарына ылайык жооп керчиликке тартылат.
Эске салсак, Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.