7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кардиохирургия институтундагы өрттөн эки бейтап каза болду

343

Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жандандыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган.

«Өрт чыккан учурда институтта 47 киши болгон, анын 22си балдар. Жүрөк хирургиясы институту болгондуктан, бейтаптардын көбү операциядан чыккандар эле. Аларды эвакуациялап жетишишкен. Тилекке каршы, бейтаптардын экөө каза болуп калган. Алар иске ууланышы ыктымал, бирок азырынча айта албайбыз. Иликтөө жүрөт. Учурда 9 адам жандандыруу бөлүмүндө, алардын жетөө балдар. Абалы туруктуу оор», — деген Эркин Чечейбаев.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыккан. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.

344