Буга чейин Кыйноолорду кабыл алуу борбору Токтогулда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти эс-учун жоготкончо сабаганын айтып чыккан. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.
«2-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы мал базарга Таластан алынып келинген уйду сатып кетип жаткан Талас шаарынын тургуну мал уурулука шектүү катары кармалган.
Ошол учурда тартылып алынган сүрөттөрдө шектүүнүн мойнунда тактары бар экендигин байкоого болот. Ошондой эле мал сатып алган жарандар тарабынан тартылган сүрөттө дагы мойнундагы тактары байкалган.
Өзгөрүш АМБнүн имаратында шектүү жаран болжол менен 1 жарым сааттай кармалып, Талас ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Кармагандан кийин Токтогул РИИБдин Өзгөрүш АМБнүн кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо болгон эмес. Кармалган учурда эле бул жарандын мойнунда тактары бар экени байкалган.
Ошондой эле кармоо учурунда окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар милиция менен кошо жүрүшкөн жана дагы кыйноолор болбогондугун тастыкташат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган деген маалыматын четке кагабыз, анткени андай факт болгон эмес»-деп билдиришти.