Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды.