Кыргыз Республикасынын эл артисти, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти-сахнанын алдыңкы чебери Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 7-апрелде саат 11:00дө Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбеков 6-апрелде каза болгон.