Социалдык тармактарда “Toyota Land Cruiser”үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеде бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө аталган унааны таап, 15 миң сом айып салуу менен айдоочусуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
“Урматтуу айдоочулар мына ушундай терс көрүнүштөрдөн улам 1-сентябрдан тартып, жол эрежелерин билбеген айдоочуларды кайрадан экзаменге жөнөтүү талабы келип чыгууда!”,- деп берилет билдирүүдө.