Москвада 7-класстын окуучусу төрөдү. Ал зордукталгандан кийин боюна бүтүп калганын, ага кыргызстандык жаран күнөөлүү экенин айткан. Бул тууралуу Mash Telegram-каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыз ата-энеси менен жашайт. Кыздын айтымында ата-энеси менен соода борборуна барышкан. Ал жерден ичи ооруп тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Кыздын кош бойлуулугунун сегизинчи айында экени белгилүү болгон. Дарыгерлер эне-баланы сактап калуу үчүн кесарево жолу менен төрөтүү зарылдыгын айтышкан. Учурда төрөлгөн ымыркай менен мектеп окуучусу ооруканада.
Кыздын айтымында, спорт аянтчасында ал Бека аттуу бала менен тааныш болуп келген. Андан соң ага каршылык көрсөтө албай калганын айткан.
Милиция баланын болжолдуу атасын табууга аракет кылган, бирок ал Кыргызстанга качып кеткен. Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, кыздын ата-энесине өз милдеттерин аткарбаганы үчүн административдик иш козголду.