7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карындаштарынын жыныстык органдарын сүрөткө тартып тараткан шектүү кармалды

585

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-майында жаран Кара-Балтадагы үйүндө 2013 жана 2014-жылы туулган карындаштары уктап калганынан пайдаланып, ич кийимин чечип, уюлдук телефонуна жыныстык органдарын сүрөткө тартып, аккаунтуна сактай баштаган. Жаран интернеттен ар кандай түрдөгү видеоматериалдарды да сактаган, анда балдардын катышуусу менен сексуалдык зомбулукка дуушар болгон бузукулук көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн өлкө аймагынан чыгып кеткени аныкталган. Ал Орусияда кармалып, Кыргызстанга алынган. 2003-жылы туулган жаран соттун чечими менен 1 айга камакта калтырылды.

586