Бүгүн, 12-сентябрь Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 6 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.
Алардын катарында:
- Ноокен районунун Аримжан айылында “Мантай Групп” ЖЧКсынын сэндвич-панель чыгаруучу заводу;
- Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылында “ЭлИнвест групп” ЖЧКсынын электр энергиясын өндүрүүчү объекти;
- Таш-Көмүр шаарында “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКсынын күн электр станциясы;
- Сузак районунда Кыргыз-Кытай биргелешкен “Маркай Көмүрү” ишканасынын көмүр кенин иштетүүчү объекти;
- Сузак районунда Кыргыз-Кытай биргелешкен “Шахта Тулек” көмүр кенин иштетүүчү ишканасы;
- Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы “Тегене” көмүр кени.
Жаңы өнөр жай объекттеринин ишке кириши менен өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга шарт түзүлдү.



