Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов карышкыр, чөө аткандарга сый акы берилээрин кабарлайт.
Маалыматка ылайык Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги токтом долбоорун Министрлер кабинетине жөнөткөн.
“Карышкыр атып алгандарга алты миң, чөөнү жок кылгандарга эки миң сом сый акы берилет. Азыр ушул сумманы жогорулатуу талабы коюлууда. Токтом долбооруна ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө беш миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом төлөнөт. Терилери мергенчилерде калат”—деп билдирет.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр карышкырдын мал-келге зыяны 28 миллион сомду түзгөн. 2020-жылы 380ден ашык карышкыр, 20дай бөлтүрүк, эки миңге чукул чөө атылган. Мергенчилерге беш миллион сомдон ашык сый акы төлөнгөн.