Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп өттү. Өздүк булактардын айтымында, аталган жыйынга депутат Алиярбек Абжалиев катышты.
Аталган жыйын жабык эшик артында өттү.
Белгилей кетчү жагдай, УКМК тарабынан Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иши башталган. Ал экс-президент менен болгон туугандык байланыштарын колдонуу менен мамлекеттик органдардын иштерине кийлигишип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын коргогон. Абжалиев өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.
27-июнда ал Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу өлкөгө келгени маалым болгон.
Кийинчерээк, Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин эсебине 20 миллион сом которгон.
Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.