УКМК кызматкерлерин Нарын облусунда диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргузүүдө.
Кочкор районун тургуну “Б.у.Ш.” туура эмес жолго түшүп, «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюму менен байланышта болгонун моюндап, уюмдан баш тартканын ачыктаган.
Ал ошону менен бирге райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга видео кайрылуу аркылуу чакырган.
УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.