Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кербен шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 98 чарчы метр чатыры жана оор жүк ташуучу унаанын 7 даана дөңгөлөгү күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, саат 12:46да өрт чектөөгө алынып, саат 13:20да толук өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, аталган өрттүн келип чыгуу себеби балдардын от менен болгон шоктугунан болгон.