7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алып кармалды

573

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150.000 сом пара алып кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке  максаттарына жумшаган.

Аталган факт боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Каржы министрлигинин ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка  алынып, ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574