7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кастыкты козуткан талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын СИЗОсуна камалды

1549

Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМК Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатканы белгилүү болгон.

«6-декабрда КР БШК А.Таштанбековду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алынып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1550