Ажобуз намыстуу экен. Мына минтип Ынтымак Ордо, Ырыс Ордолор ачылып олтурат. Мындай пикирин журналист Касым Рахманкул фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Мындан 9 жыл мурун андагы президент Сооронбай Жээнбековдун сыртка болгон алгачкы сапарында ОДКБнын саммитине аны журналисттер менен коштоп жүрүп калдык. Маскөдөн Путинге жолугуп коюп эле, Минск шаарына учтук. Эртеси баарыбыз Минскидеги Дворец Независимости деген сыйлуу конокторду тосчу ордого бардык. Ошондо ал Дворецти көрүп, президент эмес, биякта турган мен уялып, намыстанганым эсимде.
Бизде ал кезде андай сыйлуу конок тосо турган ордо түгүл, нормалдуу Ак үйүбүз жок эле да. Болгону союз куруп берген жалгыз имаратыбыз бар. Аны да өкмөт менен парламент талашат. Күнөө имаратта болгонсуп, анысы да революция сайын талкаланат байкуш.
Ал эми бүгүн мына минтип Ынтымак Ордо, Ырыс Ордолор ачылып олтурат. Канчалык сындаганыбыз менен бизге мындай имараттар абдан эле керек болчу. Ажобуз намыстуу экен. Эми бул имараттар дүйнөнүн булуң бурчунан келген конокторду тосо турган, кыргыздын намысын даңазалай турган олжолуу, ырыстуу имараттар болсун деп тилемекчибиз» — деп жазган ал.



