7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол милициясына жаңы кызматтык форма берилди

200

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн төрт мезгилге ылайыкталган жаңы үлгүдөгү кызматтык форма иштелип чыкты.

Форманы иштеп чыгууда кызматкерлердин ыңгайлуулугу, аба ырайынын ар кандай шарттарында кызмат өтөөсү жана жол кыймылынын катышуучуларына жакшы көрүнүүсү негизги талаптардын бири катары эске алынган.

Мындан тышкары, формага жарыкты чагылдыруучу атайын белгилер жана элементтер киргизилип, жол тескөөчүлөрдүн түнкүсүн жана көрүнүш чектелген шарттарда даана көрүнүүсүнө шарт түзүлдү.

Жаңы үлгүдөгү форма кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

201