Президент Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Жараткан Рамазандан Рамазанга чейин кылган жакшы ниеттерибизди жана иштерибизди кабыл кылсын! Орозо айтыңыздар маарек болсун!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Улуу Урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен байланышкан биздин дос элдерибиздин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты даңазалоого багытталган ынак коңшулук ыйык Рамазан айынын эң асыл маңызына туура келет.
Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.