7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду

483

Ош шаарынын борбордук аянтына Орозо Айт намазын окуу үчүн 11 миңден ашуун адам чогулду.

Айт намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Калаа башчы Бакытбек Жетигенов чогулган жалпы момун мусулмандары ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап бакубатчылык, ынтымак жана тынчтык, ден-соолук, береке жана жакшылыктарды каалады. 

«Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору, бүгүн ыйык Рамазан айы аяктап, биз үчүн маанилүү болгон майрамдардын бири Орозо айт майрамын белгилеп жатабыз. Бул күнү Айт намазын окуп жатып, ар бир момун мусулман Жараткандан жерибизге береке, жакындарына жана үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук жана аманчылык тилешет. Жакшы ниеттер менен дуба кылышат. Жалпыңыздарды өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынан атынан чын жүрөктөн бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктаймын. Жараткан ар бирибиздин кылган дубаларыбызды кабыл кылсын. Ар бир үйгө береке жана ынтымак берсин. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!»- деп баса белгиледи шаар мэри.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484