7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
33°C

Муфтий Замир Ракиев: «Ыйык Орозо айы жан дүйнөбүздү нурдантты»

223

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандарым! Сиздерди жан дүйнөнү аруулаган, биримдикти, ынтымакты, кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Берекелүү Орозо Айт – дүйнө мусулмандарынын ыйык деп эсептеген эки майрамынын бири. Ушул күндү бардык мусулмандар жогорку майрамдык маанай менен тосуп алышат. Айттын алдындагы Алла Таала ыроологон улуу орозо тилибизди, дилибизди, жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү ыйман нуру менен нурдантты, ибадат менен аруулады.

Орозо бизди чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, нээматтын баркын билүүгө үйрөттү. Ушул айда тапкан-туткан соопторубузду, жакшылыктарыбызды төгүп-чачып албай, кийинки Рамазанга чейин, ал тургай өмүр бою сактайлы. Рамазан тартуулаган касиет бизди мыкты момун, татыктуу атуул кылып тарбияласын.

Ыйык Рамазан айы – өзүбүздүн напсибиз менен күрөшүүнү баарыбызга үйрөткөн мектеп болду. Жараткан Алла Улуу Рамазан айында туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылып, келээрки жылы ушул ыйык күндөрдө сак-саламат көрүшүүнү насип кылсын!

Узап бараткан Рамазандын жана кош майрамдын – айт жана жуманын урматына Алла Таала жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак, динибизге риваж, Мекенибизге береке, мамлекетибизге өнүгүү берсин.

Орозо Айтыңыздар маарек болсун!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

224