7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев Бишкекте курулуп жаткан стадионду жана конгресс-холлду текшерди

297

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев стратегиялык мааниге ээ – Бишкек шаарындагы эл аралык класстагы стадиондун жана конгресс-холлдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Каныбек Туманбаев стадиондун курулушунун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган бул заманбап спорттук комплекс ФИФАнын эң жогорку стандарттарына ылайык курулуп жатат жана өлкөдөгү эң ири стадион болуп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бийиктиги 70 метр жана диаметри 280 метр болгон тегерек формадагы сегиз кабаттуу имарат кыргыз спортунун визиттик картасына айланат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, күйөрмандардын ыңгайлуулугу үчүн 1800 унаа токтотуучу жай каралган, кошумча долбоорлоо аркылуу 3000ге чейин кеңейтүүгө болот.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объектилерди куруу – бул өлкөнүн келечегине, спортту жана туризмди өнүктүрүүгө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция экенин баса белгиледи.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча, президенттин администрациясы «Ынтымак Ордонун» жанында курулуп жаткан «Конгресс-Холл» объектисинин курулуш аянтына барды. Адылбек Касымалиев имараттын негизги кабаттары менен жеке өзү таанышып, расмий делегациялар үчүн залдарды жана конок үйлөрүн көрдү.

298