7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев Бишкектеги инвестициялык жана курулуш долбоорлору менен таанышты

212

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анда, МинКаб төрагасы борбордогу Н. Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан заманбап кеңсе борборуна барып, бизнес-борбордун реконструкциялангандан кийин түзүлгөн шарттары жана заманбап кеңсени уюштурууда колдонулган инновациялык чечимдер менен таанышты.

Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чан Ань Туан борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана анын борбор калаанын бизнес потенциалын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.

Андан соң Адылбек Касымалиев вьетнамдык “Rox Group” компаниясы ишке ашырып жаткан “Royal Central Park” ири инвестициялык долбоорун ишке ашырып жаткан курулуштун жүрүшү менен таанышты. Компаниянын өкүлү курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырып, “Royal Central Park” долбоору турак жай жана заманбап көп функционалдуу комплекс катары иштелип чыкканын белгиледи.

«Министрлер Кабинети инвесторлорго эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат, ишкерлер үчүн Министрлер Кабинетинин эшиги дайым ачык», — деди МинКаб төрагасы.

213