7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас-Ордо” комплекси 30 жылдан бери алгачкы ирет реконструкциядан өтүүдө

244

Курулуш, архитектура жана утрак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексин реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө, арматура каркастарын монтаждоо жана монолиттик темир-бетон плитасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, опалубка системасын орнотуу жана котлован казуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектар. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап жана улуттук стилде чагылдырылат.

Долбоорго ылайык, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга жөндөмдүү болгон Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат. Комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея жана 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган.

Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдагы реконструкция иштеринен өтүп жатат.

245