7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев борбордогу жана облустардагы жетекчилерди чогултуп, жыйын өткөрдү

16

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү.

Жыйында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, экономикалык өсүш темптерин сактоо, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик институттарга ишенимди бекемдөө сыяктуу негизги багыттары талкууланды.

Төраганын айтымында, бул максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта, тартиптүүлүктө, координацияланган командада гана мүмкүн.

Жыйындын жүрүшүндө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырыла турган 100 күндүк мөөнөт менен эки демилге сунушталды.

Адылбек Касымалиев бул бир жолку чара эмес, системалуу аракет экенин “ар бир реформанын так максаттары, өлчөөчү көрсөткүчтөрү, жооптуу аткаруучулары жана белгиленген мөөнөттөрү болот”, — деди ал.

“Учурда бирдиктүү санариптик механизмдин жоктугу жана бир нече ведомтсволорго кайрылуу зарылчылыгы процедуралардын 14 календардык күндөн ашык кармалып калышына алып келет. 2024-жылы 14 785, ал эми 2025-жылы 16 314 уруксат документтери берилген, бул иш жүктөмүнүн көбөйгөнүн көрсөтүп, логистика менен бизнестин чыгымдарына терс таасирин тийгизет”, — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

МинКаб Төрагасы тарабынан сунушталган экинчи демилге аскерге чакырылууга чейинки курактагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүү процессин жөнөкөйлөтүүгө байланыштуу.

“Бүгүнкү күндө медициналык кароолор биринчи кезекте аскер комиссариаттарында жүргүзүлүп жатат, бул текшерүүлөрдүн сапатын төмөндөтүп, саламаттыкты сактоо тармагына оорчулукту жаратууда. Жылына болжол менен 180 000 адам медициналык кароодон өтүшөт, анын ичинде 50 000ге жакыны аскерге чакырылганга чейинки кызматкерлер. Республикадагы адистештирилген медициналык адистердин 34%зы аскердик медициналык комиссияны колдоо көрсөтүү үчүн 9 айга чейин иштөөгө бурулган. Реформа бирдиктүү электрондук реестрди түзүү, медициналык текшерүүлөрдү баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүп берүү, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу даректүү маалыматты киргизүү, медициналык кароонун жыйынтыгын толук санариптештирүүгө кирет, — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Пилоттук долбоор Чүй облусунун Аламүдүн районунда ишке ашырылып, аскерге чакырылууга чейинки курактагы 700гө жакын адамды камтыйт. Андан кийин бул механизмди республика боюнча жайылтуу пландаштырылууда.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бул демилгелердин сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

17