7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев: Аз убакытта телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коомдук турмуштун маанилүү бөлүгүнө айланды

9

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, 8-декабрь – Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүздө эң биринчи радиоуктуруу 94 жыл мурда обого чыкса, ал эми алгачкы телекөрсөтүүнүн чыкканына 67 жыл толот, мына ушул майрамды белгилөө жөнүндө токтом 30 жыл мурда кабыл алынган.

Салыштырмалуу аз убакытта телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коомдук турмуштун маанилүү бөлүгүнө айланды. Бул тармактын кызматкерлери телеберүү жана радиоуктуруу аркылуу ар бир үйдөгү мекендештерибизге кайрылып, алар менен баарлашып, эң жакын адамындай таасир калтырышты.

Учурда маалыматтык технологиялар тез өнүгүүдө жана маалымат таратуу каналдары кулачын кенен жайды. Мындай учурда жалпы коомдук пикирди калыптандыруунун, руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуунун, ошондой эле мамлекеттик саясаттын ачыктыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун негизги куралы катары массалык маалымат каражаттарынын мааниси артууда.

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери мамлекеттик биримдикти бекемдөөгө, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, ошондой эле калкты объективдүү, ишенимдүү жана ар тараптуу маалымат менен камсыз кылууга олуттуу салым кошууда.

Өткөн мезгилде көптөгөн көрүнүктүү жетишкендиктер болду. Материалдык-техникалык база чыңдалып, заманбап техникалар менен жабдууланып, көрүүчүлөргө жана угуучуларга жогорку стандарттагы берүүлөр сунушталууда. Өзгөчө дүйнөлүк жаңылыктарды, саясий, спорттук жана башка телеберүүлөрдү мамлекеттик тилде чагылдырууда кыйла прогресс байкалат.

Алдыда турган милдеттерди аткарууда жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана чыгармачылык мамиле менен киришесиздер деп күтөбүз. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, 2026-жылы боло турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, убагында Чыңгыз Айтматов баштап кеткен Ысык-Көл эл аралык форумун жана мамлекетибизде болуп жаткан маанилүү окуяларды элибизге жана чет өлкөлөргө жеткирүүдө сиздердин потенциал жетиштүү болот деген ишенимди билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ишмердүүлүгүңүздөрдө мындан аркы ийгиликтерди, түгөнгүс чыгармачыл шыктануу жана өлкө менен коом үчүн жасаган ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди каалаймын!».

10